• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Республикалык штабда вакцинациялоо боюнча учурдагы абал талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, вакцинация боюнча кампаниянын жүрүшү жана COVAX Программасынын алкагында келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын партиясын бөлүштүрүү маселеси талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары COVID-19дан каза болгондордун саны өсүп жаткандыгына кооптонуп, калкты вакцинациялоо менен камтууну жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине «COVID-19» каршы вакцинацияланган жактардын бирдиктүү реестри» маалыматтык тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоосу тапшырылды.

Вакцинацияланган жарандардын базасына маалыматтарды киргизүү үчүн жоопкер болуп мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери саналат.

Ошондой эле Жылдыз Бакашова вакцинация боюнча маалыматтык кампанияны күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору менен биргеликте коронавирус инфекциясына каршы калкты вакцинациялоо боюнча, анын ичинде ишке ашырылып жаткан эл аралык долбоорлордун алкагындагы кеңири маалыматтык кампанияны жүргүзүүнү камсыздоосу, ошондой эле облустар жана шаарлар аралыгында эмдөөнүн акыркы мөөнөтүн (биринчи жана экинчи доза) белгилөөсү тийиш.

Мындан тышкары КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине алынып келе жаткан AstraZeneca вакцинасынын партиясын калктын приоритеттүү топторун камтуу менен аймактар, шаарлар жана мамлекеттик органдар боюнча жеткирүү жана пропорцианалдуу бөлүштүрүүнү камсыздоосу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий