• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республикалык штабдын 10-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бүгүн 17 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Айыккандардын жалпы саны 675ке жетти.

- COVID-19 инфекциясын жуктурган жаңы 71 учуру катталды.

- Жалпы жуктургандардын саны 1002ге жетти.

- Ооруканада дарыланып жаткандар - 260, анын ичинен реанимацияда - 4.

- Каза болгондор – 12.

- COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 313.

- Кыргызстан боюнча обсервацияда 1205 адам жатат.

- Президент Улуттук банктын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 2,5 млрд сом өлчөмүндө 100% кирешесин мамлекеттик бюджетти колдоого жөнөтүүнү тапшырды.

- Өзгөчө абал режими 10-май 24.00дө аяктайт, коменданттык саат токтотулат. Өзгөчө кырдаал режими улана берет.

- Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок.

- Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 117 жараны келди.

- Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендер үчүн – шаар ичинде жылып жүрүүгө ишкананын катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында тастыкталган аныктамасы керек.

- Комендатура тарабынан буга чейин берилген өткөрмө кагаздары бүгүн 24:00дө жокко чыгарылат. Жумуш берүүчүлөргө өзүнүн кызматкерлерине унаа уюштуруп берүү сунушталат.

- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саат убагында тартип бузгандардын саны 109ду түздү.

Пикир

Оставить комментарий