• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республикалык штабдын 11-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 14 учур катталды. Учурду коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1016ны түзөт.

Республикалык штабдын 11-майга карата маалыматы:

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 1016. Анын ичинен:

* Бүгүнкү күнгө карата дагы 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 688ге жетти.

* Ооруканаларда 316 бейтап дарыланууда, анын ичинен үчөө реанимацияда жатат.

* Коронавирустан каза болгондордун саны – 12.

- Коронавирус жуктурганы аныкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 4 миң 371.

- Кыргызстан боюнча 1 миң 100 адам обсервацияда жатат.

- 2020-жылдын 11-майынан тарта өзгөчө кырдаал шартында карантин киргизилди, экономикалык ишмердүүлүктү кайра ишке киргизүү милдети мэрияга жүктөлдү.

- Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун брифингинде айтылгандар:

* Салык кызматтары маалымкаттарды тастыктоодо салыктык же башка милдеттенмелерди төлөө боюнча маалыматтарды талап кылууга укугу жок.

* Беткап тагынбагандарга 1 миңден 5 миң сомго чейин айыппул каралган. Санкцияларды салуу укугу дарыгерлерге, санитардык дарыгерлерге жана ички иштер органдарына берилген.

- Коронавирус пандемиясына байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөртүлдү.

- Кытай Эл Республикасы гуманитардык жардам катары Кыргыз Республикасына медициналык каражаттарды берди.

Пикир

Оставить комментарий