• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республикалык штабдын 12-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 21 учур катталды. Учурду коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1037ни түзөт.

Республикалык штабдын 12-майга карата маалыматы:

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 1037. Анын ичинен:

* Бүгүнкү күнгө карата дагы 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 709га жетти.

* Ооруканаларда 316 бейтап дарыланууда, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат.

* Коронавирустан каза болгондордун саны – 12.

- Коронавирус жуктурганы аныкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 4 миң 594.

- Кыргызстан боюнча 1 миң 109 адам обсервацияда жатат.

- 10-майдан 25-майга чейин ЭжБКУБ клиникалык төрөт үйү кош бойлуу жана төрөй турган айымдарды кабыл алууну убактылуу токтоткон.

- Бишкек шаары боюнча өз ишин жандандырган 3782 чарбалык субъекттин кызматкерлеринин саны – 11 262.

- ӨК жана ӨА киргизилген учурдан тарта Кыргызстанга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиация жана жер аркылуу 9196 мекендешибиз кайтып келген.

- Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 4 млн 190 миӊ 817 адам коронавируска чалдыккан.

Пикир

Оставить комментарий