• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республикалык штабдын 15-апрелге карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын жалпы саны 449га жетти.

Республикалык штабдын 15-апрелге карата маалыматы:

- Бүгүн 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап, Бишкек шаарынан 5 бейтап, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

- Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 449 учур катталды. Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 93

Ош облусунда – 130

Ош шаарында – 71

Чүй облусунда – 28

Бишкек шаарында – 82

Баткен облусунда – 5

Нарын облусунда – 34

Ысык-Көл облусунда – 6.

- Бир күн ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 15ти түздү. Өлкө боюнча медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 98ге жетти.

- Стационарда 366 жаран жатат. Анын ичинде 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда. COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.

- Кыргызстан боюнча 902 адам обсервацияда жатат.

- Ысык-Көл облусунда өзгөчө кырдаал режиминин убагында калктын турмуш-тиричилик маселелерин ыкчам чечүүү максатында 150 ыкчам байланыш номери ишке киргизилди.

- Жардам штабына бизнес коомчулуктарынан азык-түлүк жана акчалай түрдө жардам келип түшүүдө.

- Кыргызстандагы кытай ишкерлеринин ассоциациясы калктын аярлуу катмарына жардам берди.

- турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 9 млн сом бөлүндү. Тийиштүү чечим кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.

- Бүгүндөн тарта өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо коменданттык сааттын убактысы 2 саатка кыскарып, 21:00дөн 06:00гө чейин деп белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий