• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республикалык штабдын 2-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы 13 учур катталды. Учурда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 769ду түзөт.

Республикалык штабдын 2-майга карата маалыматы:

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 769. Анын ичинен:

* 23 бейтап ооруканадан айыгып, үйүнө чыгарылды. Жалпы айыккандар – 527.

* Ооруканаларда 234 бейтап дарыланууда, анын ичинен бешөө реанимацияда жатат.

* Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бейтаптардын бири – медицина кызматкери. Республика боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 10го жетти.

- Обсервацияда 828 адам жатат.

- Коронавирус жуктурганы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 3 миң 232.

- Жарандардын өткөрмө кагаздарын алуу боюнча кайрылууларын ыкчам түрдө кароо үчүн комендатуранын буйругу менен атайын топ түзүлдү.

- Кыргызстанда жыл башынан бери бензин баасы 6,5%га, дизель отун 9%га арзандады.

- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саат убагында тартип бузгандардын саны – 142.

Пикир

Оставить комментарий