• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Республикалык штабдын 4-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 35 учур катталды. Учурду коронавирус жуктургандардын жалпы саны 830ду түзөт.

Республикалык штабдын 4-майга карата маалыматы:

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 830. Анын ичинен:

* Бүгүнкү күнгө карата дагы 11 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 575ке жетти.

*Ооруканада 245 бейтап дарыланууда, анын ичинен алтоо реанимацияда жатат.

* Коронавирустан 10 адам каза болду.

- Коронавирус жуктурганы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 3 миң 545.

- Кыргызстан боюнча обсервацияда 908 адам жатат.

- 17-апрелден бери Кыргызстанга чартердик каттам менен 1 миң 117 жүргүнчү келген, алардын баарынан ПЧР-анализдери алынган.

- Эгерде 11-майдан тарта өзгөчө абал режими алынса, Бишкек мэриясы шаарга кирүүнү чектөө мүмкүнчүлүгүн кароодо.

- Республика боюнча 28 миң 592 адам үй карантинде болууда.

- Бүгүн Кыргызстанга Украина, Австрия, Венгрия, Чехия жана Словакиядан 29 кыргызстандык кайтып келди.

- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саатты бузган 115 жаран кармалды.

Пикир

Оставить комментарий