• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Республикалык штабдын 6-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 28 учур катталды. Учурду коронавирус жуктургандардын жалпы саны 871ди түзөт.

Республикалык штабдын 6-майга карата маалыматы:

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 871. Анын ичинен:

* Бүгүнкү күнгө карата дагы 14 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 614кө жетти.

* Ооруканада 245 бейтап дарыланууда, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат.

* Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунун оор формасынан 67 жаштагы 1 көз жумду. Коронавирустан каза болгондордун саны 12 адамга жетти.

- Коронавирус жуктурганы тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 3 миң 885.

- Өлкө боюнча 675 адам обсервацияда жатат.

- Бишкекте карантин учурунда жолдорду оңдоп-түзөө жана курулуш иштери уланууда.

- Борбордо быйылкы жылы аяктоого пландалган сейил бактардын курулуштары жүрүүдө.

- Экономиканын тармактарын жана ишкерчилик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакети иштелип чыкты.

- Өткөн суткада өлкөдө коменданттык саатты бузган 144 жаран кармалды.

Пикир

Оставить комментарий