• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республикалык штабдын 7-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 24 учур катталды. Учурду коронавирус жуктургандардын жалпы саны 895ти түзөт.

Республикалык штабдын 7-майга карата маалыматы:

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 895. Анын ичинен:

* Бүгүнкү күнгө карата дагы 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 637ге жетти.

* Ооруканада 246 бейтап дарыланууда, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат.

* Коронавирустан каза болгондордун саны – 12.

- Коронавирус жуктурганы аныкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны – 4 миң 71.

- Кыргызстан боюнча обсервацияда 676 адам жатат.

- 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды.

- Республикалык штаб: Айылдарда орнотулган карантиндик посттордун иши жөнгө салынышы керек.

- Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги саламаттык сактоо уюмдардын биринде убактылуу стационар уюштуруу маселесин карап жатат.

- Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын жеӊилдетилген тартипте насыялоо жана колдоо программаларынын ишке ашырууга башталгыч этапта 14 млрд сомдон кем эмес каражат багыттоо пландалууда.

- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саатты бузган 137 жаран кармалды.

Пикир

Оставить комментарий