• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республикалык штабдын 8-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн 13 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Айыккандардын жалпы саны 650гө жетти.

-COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 11 учуру катталды.

-Жалпы жуктургандардын саны 906га жетти.

-Ооруканада дарыланып жаткандар - 244, анын ичинен реанимация - 6.

- Коронавирус жуктуруп, каза болгондордун саны – 12.

- COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 112.

- Кыргызстан боюнча обсервацияда 1250 адам жатат.

- Улуттук онкология жана гематология борборунда бүгүн медициналык кызматкерлердин арасында коронавирусту жуктуруунун бир учуру катталды.

- Республикалык штаб кыргызстандыктарды социалдык обочолонуу эрежелерин сактоого чакырат.

- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саатты бузгандардын саны 163тү түздү.

Пикир

Оставить комментарий