• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республикалык штабдын ишин мындан ары биринчи вице-премьер Баатырбеков жетектейт

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын иштерин мындан ары биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектейт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар сапаттуу, толук көлөмдө жана тийиштүү мөөнөттө аткарылышы керек.

"Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күзгү-кышкы мезгилине карата комплексттүү даярдык чараларын ишке ашырууга тийиш, бул ооруп калгандардын санынын көбөйүшүнө медициналык мекемелердин жана экономикалык ишмердиктин ар кандай багыттагы иштерине да даяр болушуна тиешелүү", - дейт Боронов.

Пикир

Оставить комментарий