• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Жалал-Абадда коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында бир күн ичинде 25 кылмыш катталды. Алардын ичинен үчөөсү документтерди жасалмалоо фактысы боюнча.

"Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 131 жаран жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий