• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык ыкчам штабдын эпидемиологиялык абал боюнча жыйыны өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. «Бишкек жана Чүй облустарындагы медициналык мекемелерге жарандардын кайрылууларынын кескин өсүүсү кошумча коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылат», - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал жарандарды социалдык обочолонуу режимин сактоого жана өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого чакырды.

«Коомчулук тарабынан колл-борбордун линиясы бош болбой жатканына, ыкчам бригадарлардын, тез жардам кызматынын келишин күтүү боюнча нааразычылык айтылууда. Бул боюнча медициналык кызматтар, саламаттык сактоо мекемелери тарабынан кызмат көрсөтүү үчүн бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүүдө. 118 байланыш линиясынын ишин күчтөндүрүү, медициналык мекемелерде орундардын санын көбөйтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча иштерди сапаттуу аткаруулары зарылдыгын баса белгилеп кетким келет. Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчиликти тартышат», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Штабдын жыйыны учурунда Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жаңы обсервациялык орундарды түзүү жана Бишкек жана Ош шаарларында COVID-19 инфекциясына чалдыккан жарандарды дарылоо жайларын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Республикалык штаб санитардык эрежелерди сактоонун жана мүмкүн болсо коомдук жайларга жана адам көп топтолгон жерлерге барбоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары жарандарга мүмкүндүгүнө жараша бара турган жерлеринин, убактысын түзүп алуу сунушталат. Бул эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүүгө көмөк берет.

Пикир

Оставить комментарий