• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту − Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Ал жакта медицина кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган учурлар катталгандыктан бардык бейтаптарды ооруканадан чыгарып, обсервациялык жана дезинфекциялык иш-чаралар аяктаганча Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишин убактылуу токтотуп туруу чечими кабыл алынган. Андан кийин ал кайра ачылат. Ал 4 күндөн бери бейтаптарды кабыл албай эле”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий