• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында орундар жетиштүүбү? – министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында орундардын жетишсиздиги байкалбай элеби деген суроого жооп берди.

"Бул оорукана 400 адамды бир убакта кабыл алганга мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күнү коронавирус менен ооруп калган адамдарды 234 орунга кабыл алуу каралган. Бүгүнкү күнү 208 бейтап дарыланууда. Ошол эле учурда 20-25 орунду коронавирус диагнозу менен келген бейтаптарды дарылоо үчүн даярдап, шарттарын түзүп жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ни түзөт. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий