• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 379 бейтап дарыланууда, анын 318и балдар

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 379 бейтап дарыланууда, анын ичинен 318и балдар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында аталган оорукананын амбулатордун-диогностикалык бөлүмүнүн жетекчиси Нургүл Молдалиева билдирди.

Анын айтымында, учурда бир суткада ооруканага 300гө жакын оорулуулар кайрылып жатат.

“Алсак, акыркы суткада 293 бейтап кайрылган. Анын 102си ооруканага жаткырылды, алардын 86сы балдар”, - деди ал.

Дарыгер белгилегендей, бейтаптарга көбүнчө курч жана өнөкөт вирустук гепатит, курч ичеги инфекциясы, курч респиратордук вирустук инфекция, инфекциялык мононуклеоз, энтеровирустук инфекция, тонзиллит, эпидемиялык паротит, скарлатина, суу чечек жана кене чаккан диагнозу коюлууда.

“Биздин ооруканаларда коронавирус жуктурган бейтаптар жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий