• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында эки дезинфекциялоочу туннель орнотулду - штаб

Коом 0


Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында эки дезинфекциялоочу туннель орнотулду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, ал эки дезинфекциялоочу туннелди "Стилекс" ишканасынын негиздөөчүсү Сырттан Сайдилканов гуманитардык жардам катары берген.

Ал эки туннелди орнотуу иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аткарган.

"Дезинфекциялоочу туннель саатына 1 литр суюктук сарптайт. Анын курамына суу, этил спирти жана глицерин кирет. Алардын адам ден соолугу үчүн зыяны жок. Унаалар үчүн жасалган туннелге кошумча хлор кошулат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий