• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республиканын 8 колледжи 800 миң долларга техника менен жабдылды

Билим 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында республиканын 8 колледжине жалпы суммасы 883 миң 677 АКШ долларга 94 аталыштагы компьютердик жана кеңсе техникасы жеткирилди.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандайй, долбоордун алкагында өлкөнүн аймактарынын алдыңкы колледждеринин базасында 8 Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн:

1. Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи, Бишкек ш.;

2. ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи, Жалал-Абад ш.;

3. Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялар жана экономика колледжи, Кызыл-Кыя ш.;

4. К.Скрябин атындагы КУАУнун Токмок агроэкономикалык колледжи, Токмок ш.;

5. С.Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжи, Нарын ш.;

6. Кара-Балта техникалык-экономикалык колледж, Кара-Балта ш.;

7. Индустриалдык-педагогикалык колледж, Балыкчы ш.;

8. ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Ош ш.;

8 Алдыңкы тажрыйба борборуна жатаканалар үчүн, анын ичинде санариптик инновациялык окутуу үчүн кеңсе жана компьютердик жабдуулардын 7 148 предмети, окутуучулар жана студенттер үчүн лэптоптор, компьютердик жабдуулар, КФК, принтерлер, акустикалык жана радио системалар, видеокамералар, телевизорлор берилди. Жатаканалардагы жашоо шартын жакшыртуу максатында медициналык бөлмөлөр үчүн жабдуулар, муздаткычтар, LED экрандар ж.б. жеткирилип берилди.

Бул Борборлордун базасында республиканын калган колледждери үчүн окуу жайлардын потенциалын талдоонун жана алар жайгашкан аймактын социалдык-экономикалык чөйрөсүнүн мүнөздөмөлөрүнүн негизинде окуу жайларды стратегиялык инновациялык өнүктүрүү боюнча моделди түзүү пландалууда.

АТБ аймактык эмгек рынокторунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоого багытталган. Долбоордун алкагында бардык Алдыңкы тажрыйба борборлорунда заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлүүдө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алуу менен имараттарды жана жатканаларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Алдыңкы тажрыйба борборлорунда эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон керектүү компетенцияларды калыптандырууга багытталган модулдук окутуу пилоттолууда. Компетенттүүлүк негизде эксперименталдык билим берүү программасы, жумуш ордунда окутуу, ишкердиктин негиздерине окутуу – бул бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун камсыздоо жана калктын жумуштуулугун жогорулатуу үчүн бардык Алдыңкы тажрыйба борборлорунда пилоттолуп жаткан жаңылык. Ошондой эле пилоттук колледждердин базасында Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу борборлору түзүлүүдө, бул да АТБнын натыйжалуу ишинин зарыл шарты болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий