• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республиканын аймагында залалсыздандыруу иштери уланууда - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июль күнү өлкө боюнча 136 898 м² имараттар, 458 720 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 141 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 45 600 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 169 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 41 600 м² имараттар, 26 800 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланып, 48,6 кг жана 90 литр суюк хлор колдонулду;

Талас облусунда 5000 м² имараттар, 62 020 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 846 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 46 100 м² имараттар жана 198 900 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 75 кг жана 239 литр суюк хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 3100 м² имараттар жана 27 400 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 140 кг хлор колдонулду;

Ош облусунда 22 730 м² имараттар жана 47 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 490 кг жана 18 литр суюк хлор колдонулду;

Баткен облусунда 1708 м² имараттар, 33 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 140,4 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 16 660 м² имараттар, 18 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 30 литр суюк хлор колдонулду.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий