• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызгидромет: Аймактарга 23 автоматташтырылган метеорологиялык станцияларды орнотуу мерчемделүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Аймактарга 23 автоматташтырылган метеорологиялык станцияларды орнотуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору Абдышарип Бекилов билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин адистери Дүйнөлүк банк каржылаган “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык камсыздоону модернизациялоо” долбоорунун алкагында курулуучу 23 автоматташтырылган метеорологиялык станцияларды орнотуу орундарын изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

“Учурда изилдөө иштери жалпы республиканын аймагында жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары станциялардын, гидропосттордун күзгү-кышкы даярдыктарын да текшерип жатабыз”, - деди А.Бекилов.

Автоматташтырылган метеорологиялык станциялары иштеп баштаганда, аба ырайынын божомолдоосуунун тактыгы бир топ жогорулайт. Иш-чараларды агенттиктин директору өзү жетектөөдө.

Пикир

Оставить комментарий