• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республиканын ашууларындагы жолдор кардан тазаланууда – Транспорт министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Республиканын ашууларындагы жолдор кардан тазаланууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолчулары ашууларда жааган кардан улам жолдорду тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө.

Бишкек-Ош автожолунун 132-146-чакырымындагы тилкеси кардан тазаланып, кум себилди. Ошондой эле туннелдин ичинде тазалоо иштери жүргүзүлдү, унаалар үчүн жол ачык.

Нарын-Оруктам жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды.

Суусамыр-Талас-Тараз автожолундагы «Өтмөк» ашуусунда, Бишкек-Ош жолундагы «Алабел» ашуусунда, Ош-Сарыташ автожолундагы «Талдык» ашуусунда, Каракол-Эңилчек автожолунун «Чон-Ашуу» ашуусунда карлар тазаланып, атайын инерттүү материалдар себилди.

Жолду тазалоо үчүн атайын техника тартылган, ошондой эле жолчулар зарыл болгон инерттүү материалдар менен камсыздалышкан.

Пикир

Оставить комментарий