Республиканын бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгышат

Коом 0

Бишкек, 22.03.18 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №155 буйругуна ылайык 2018-жылдын 24-мартында өлкө аймагындагы бардыкдин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Белгиленгендей, ишембилик күнү Муфтият жана ар бир казыят, райондук баш имам хатибдер, айыл имамдары жана диний окуу жайлар ѳзүнүн аймагындагы мечиттерди, диний окуу жайларды, карыялар, жетимдер үйлөрүн тазалашып, айлана-чөйрөнү тазалоо, актоо иштерин жүргүзүшмѳкчү.

"“Тазалык ыймандан” демекчи айлана-чөйрөбүздүн таза болуп, мамлекетибизди кѳрктѳндүрүү үчүн ар бир жаранды жана жалпы мусулман бир туугандарды бул ишембиликке катышууга чакырабыз", - деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий