• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Республиканын билим берүү жайларында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жана профилактика жүргүзүү маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасында «үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы 180 күн» маалыматтык кампаниясы жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын бардык билим берүү жайларында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүрүүдө.

Мектептерде, колледждерде жана лицейлерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу темалары боюнча класстан тышкаркы сааттар өткөрүлүүдө. Ошондой эле өлкөнүн орто жана жогорку окуу жайларындагы студенттер үчүн атайын сабактар уюштурулуп жатат.

Ошондой эле ички иштер органдарынын, саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү тармагынын жана бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектепке чейин билим берүү жайларында жана мектептерде ата-энелер чогулушун өткөрүү каралган.

Мындан тышкары ар бир айылда айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрүнүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, милиция кызматкерлеринин, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйындар өтүп жатат.

Муну менен катар балдарга карата катаал мамилени жана зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында райондук штабдардын кызматкерлери үйлөрдү кыдырууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралардын планын иштеп чыгып, бекиткен.

Пикир

Оставить комментарий