• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Республиканын бир катар аймактарында газ убактылуу жок болот

Коом 0

Бишкек, 18.12.17. /Кабар/. Ош, Бишкек, Сокулук жана бир катар шаарлардын айрым аймактарында газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Ага ылайык газ төмөнкү даректерде жок болот.

-18-декабрда Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунда;

-18-19-декабрда Сокулук айылынын Киров, Темир-жол, Вишневая, Луговая, Речная, Южная, Солнечная, Московская, Победа, Полевая, Юбилейная, Ленинградская көчөлөрүндө жана Московский кичи көчөсүндө;

  • 18-22-декабрда Бишкек шаарынын М.Ганди, Саадаев, Ак-Тилек, Чоң Чүй каналы, Кара-Жыгач бакчасы; М. Ганди, Мыскал, Сеил, Пригородная; Малышева, Куренкеев көчөлөрүнүн жанаИлийский, Беломорский чакан көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
  • 19-декабрда Ош шаарынын Киров көчөсүндө газ берүү убактылуу жок болот.

“Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашкандай, оңдоо иштери калкты жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий