• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик органдарда “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы иштелип чыкты - Догоев

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Республиканын мамлекеттик органдарында “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы республиканын мамлекеттик органдарында “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасын иштеп чыкты. “Бүгүнкү күндө система 123 мамлекеттик органда иштейт, 6 айда 237 000 документ катталган, ошондой эле 9000ден ашуун кызматкер системанын пайдалануучулары болуп эсептелет”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий