• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ресторандан чыккан өрт: Салон жана дүкөн кошо өрттөнүп, 4 адам түтүнгө ууланды

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ресторандан чыккан өрт кечээ болжол менен саат 20:05тер чамасында өчүрүлгөн.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) кабарлашкандай, "Али-Хан" ресторанынан чыккан өрт жанаша турган "Асем" сулуулук салонун жана "Портфель" дүкөнүн каптаган. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпысынан 780 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Андан тышкары, 4 адам түтүнгө ууланып, үчөө ооруканага жаткырылган. Учурда жабыркагандардын абалы туруктуу экендиги кабарланды.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.

Эске салсак, кечээ болжол менен саат 16:20лар чамасында Ош базарынын жанындагы ресторандан өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий