• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Reuters: Быйыл Сирияда 40 россиялык аскер каза тапты

Дүйнө 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. 2017-жылдын башынан бери Сирияда кырктан кем эмес россиялык аскер кызматкери жана жеке аскер адистери курман болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги каза болгондордун туугандары менен жакындарына, ошондой эле ачык айтылбаган расмий кызмат адамдарына шилтеме кылып билдирди.

Агенттик курман болгондордун арасында жеке аскердик компаниялардын 21 жоокери, 17 кадрдык аскер кызматкери жана макамы аныкталбаган эки россиялык бар экенин белгиледи. Reuters быйыл Россиянын жоготуулары салыштырмалуу кыйла көбөйгөнүн жазды. Россиянын Сириядагы согуштук кампаниясы башталган 15 айдын ичинде кеминде 36 орус жараны каза болгон.

Басылманын маалыматына караганда, Сириядагы согушка катышып жаткан бөлүктөрдүн командирлери курман болгон адамдардын туугандарын бул боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбоону талап кылышат. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы болгону 10 россиялык жоокер каза болгон. Reuters сандардын мындай айырмачылыгын Россия согушка жеке аскердик компаниялардын жоокерлеринин катышып жатканын мойунга алуудан баш тартып жаткандыгы жана өлкөдө президенттик шайлоонун жакындап калгандыгы менен түшүндүрүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Сириядагы Орусиянын аскердик кампаниясы 2015-жылы 30-сентябрда башталган. Москва орусиялык аскерлердин жердеги операцияларга катышып жатканын бир канча жолу четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий