• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Реванш! Мээрим Жуманазарова Москвадагы супертурнирде россиялык балбан менен күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 11.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Россияда өтө турган “Москванын гран-приси — Алроса кубогу” аталышындагы спорттук күрөш боюнча супертурнирге катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Супертурнир 3-декабрда Москва шаарында өтөт.

Жуманазарова 68 кг салмакта россиялык Ханум Велиевага каршы күрөшөт.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жарым финалында Мээрим Жуманазарова Ханум Велиеваны жеңип финалга чыккан. Көп өтпөй россиялык машыктыруучулар бул беттеште калыстарды күнөөлөп, упай туура эмес көрсөтүлгөнүн айтып, нааразы болгон.

Ошондой эле спортчулар Алроса кубогунун алкагында грек-рим, эркин күрөш жана грэпплинг боюнча да таймашышат.

Пикир

Оставить комментарий