• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Режиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп салышкан

Кырсык 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Бишкекте режиссер Болот Шамшиевдин "Мерседес" үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетип, өрттөп салышкан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Аталган кылмыш Свердлов райондук ИИБде каттоого алынган.

Тергөөчүлөр 10-ноябрда Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында унааны табышкан, ал толугу менен күйүп кеткен.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп, иликтөө башталды.

Маалымат: Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде төрөлгөн. Чыгаан совет жана кыргыз кинорежиссеру, сценарист, актер, ойчул. Кыргыз ССРнин эл артисти (1975). СССРдин эл артисти (1991).

Пикир

Оставить комментарий