• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

РФ биринчи вице-премьери Шувалов: ЕАЭБ саясий биримдик эмес

ЕАЭБ 0

Бишкек, 22.08.17. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдиги саясий долбоор эмес жана Россиянын демилгеси менен ишке ашырылбайт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан экономикалык “Ысык-Көл 2017” форумунун жүрүшүндө Россиянын биринчи вице-премьери Игорь Шувалов билдирди.

“Көпчүлүгү ЕАЭБ экономикалык бирлик экенин түшүнбөй, бул РФнын саясий долбоору деп жатышат. Бул долбоор өткөн кылымдын 90-жылдарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен чыккан деп кошумчалай кетейин. Ошондуктан ЕАЭБ тегерегинде айтылган “Россиянын таңуулоосу” деген имиштер жалган”,- деп билдирди Шувалов.

Шуваловдун айтымына караганда, ЕАЭБге кирген өлкөлөргө үчүнчү өлкө менен бирдиктүү соода жүргүзүү айдыңына чыгуу жаатында маселе менен кагылышууга туура келет.

“Азырынча мындай механизм бир гана Вьетнамда иштеп жатат. Бардыгы жаман эмес өнүгүп жатат, катарлаш түрдө Иран менен болгон татаал сүйлөшүүлөр жүрүүдө”,-деди ал.

Биринчи вице-премьер билдиргендей, ЕАЭБ алкагында санариптик экономиканы өнүктүрүү маселеси жигердүү талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий