• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

РФ элчилиги: Акча которуудагы чектөө кыргыз мигранттарына тиешеси жок

Коом 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Россиядан Кыргызстанга, Кытайга жана Вьетнамга 30 күндүн ичинде которулган акчанын суммасы 100 миң рублдан (108 миң сомдон), ал эми Казакстанга 150 миң рублдан ашпашы керек деген чектөө коюлду.

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги бул норма 2019-жылдын 16-апрелинен тарта иштеп баштаганын кабарлады. Мындай чечим Россиянын Борбордук банкынын сунушу боюнча кабыл алынып, көмүскө акчаларды аныктоого багытталган.

Эсеп ачылбай туруп которулган акчанын гана суммасы 100 миң рублдан ашпашы керек. Андыктан, бул чара каттоосу жок ишкерчилик менен күрөшүү болуп эсептелет. Алар көп учурда товар үчүн каражатты акча которуу системалар аркылуу жиберишет, – деп айтылат маалыматта.

Мигранттар айына орточо эсеп менен 500 доллар (32 миң рубль) которушат. Ошондуктан бул чара Россиянын аймагында иштеген кыргыз жарандары үчүн тоскоолдуктарды жаратпайт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, Россияда иштеген кыргыз мигранттары айынан орточо эсеп менен 30-40 миң рубль которушат.

Буга чейин Россиядан Кыргызстанга 2,5 млрд доллар которулганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий