• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

РФ мамлекеттик Думасынын вице-спикери И. Лебедев түшүндүрмө бергиси келген документти кунт коюп окуса болмок - КР ПА

Саясат 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн жарыяланышына байланыштуу Россия либерал-демократтар партиясынан Мамлекеттик Думанын вице-спикери И. Лебедевдин жана россиялык бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан билдирүүлөргө жооп кылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү 26-октябрда жарыяланган Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин Жарлыгынын текстин кунт коюп окууга чакырат.

КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей:

"Мамдуманын депутатынын “Кыргызстандын Россияга каршы көтөрүлүшү күнүн кыргыздар улуттук майрам кылышты” деген бүтүмү ал өзү түшүндүрмө бергиси келген окуялардын контекстин толук түшүнбөгөнүн далилдеп турат.

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлык Кыргызстанда ушул күнгө чейин улуттук майрам катары белгиленип келе жаткан 7-ноябрдын мазмунуна жаңыча маани берүүгө багытталган. Ал эми 1916-жылдагы окуялар биздин өлкөдө Октябрь революциясын позитивдүү кабылдоонун себепкери катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш. Анткени ошол кездеги Россияда бийликтин алмашуусу кыргыздарга эле эмес, колониалдык эзүү алдында жашаган башка элдерге да сакталып калууга жана ХХ кылымда өз улуттук мамлекеттүүлүгүнө ээ болушуна мүмкүндүк берди.

1916-жылдын август жана күзгү айларына байланыштуу бардык нерселер бир дагы кыргызстандык үчүн эч качан майрам болгон эмес жана болбойт. Бул улуттук каргаша, анын курмандыктарын биз дайыма эстейбиз жана таазим этебиз.

Жарлыктын преамбуласында бул жөнүндө так жазылган. И. Лебедев мырзанын чагылгандай тез реакциясы ал бул текстти кунт коюп окуганга жетишпесе керек деп божомолдоого мүмкүндүк берет. Эми болсо да окуп чыгууну ага кеңеш беребиз. Ага кошумча Россия Федералдык архив агентчилиги чыгарган «Россия и Киргизия. 1916-2016. Вехи совместной истории» деген архив документтеринин жыйнагы менен да таанышууну сунуш кылабыз. Ошондо ал бул темада кызыл кулактык кылуу, бул үчүн эмгек мигранттарын кектөө такыр эле адептүүлүккө жатпасын жана суверендүү мамлекетке карата мындай мамиле жасоого болбой турганын түшүнөт".

Пикир

Оставить комментарий