• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

РФнын аймагында чет мамлекеттердин саясий партияларынын ишмердүүлүгүнө жол берилбейт - элчилик

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2021-жылдын 18-ноябрында Москва шаарында Кыргызстандын саясий партиясынын тарапкерлери кармалганы тууралуу массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан окуяга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Маалыматка ылайык, элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышынын жагдайларын тактоо үчүн Москва полициясынын өкүлдөрү менен байланышты.

Ошондой эле КРнын дипломатиялык өкүлчүлугүнүн юристи КР жарандарынын укуктарын коргоону камсыздоонун алкагында Москва шаарынын Свиблово районундагы Россиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө барып, кыргызстандыктардын кармалышы боюнча расмий кайрылуу жолдоду.

Жалпысынан полиция бөлүмүнө 21 жаран жеткирилген, анын ичинен 18и Кыргызстандын, ал эми үчөөсү Россиянын жарандары болушкан.

Элчиликтин маалыматына караганда, КР жарандары төмөнкүдөй административдик жоопкерчиликке тартылды:

- жашоону камсыз кылуучу объекттердин, транспорттун же социалдык инфраструктуранын, коммуникациялардын иштешине, жөө адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө же жарандардын турак жайга же транспортко кирүүсүнө жолтоо болгон уруксат берилбеген чогулушка, митингге, демонстрацияга, жүрүшкө же пикетке катышкандыгы үчүн ( Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 20.2-беренесинин 6.1-бөлүгү);

- Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн;

Кыргызстандын элчилиги КР жарандарын Россиянын мыйзамдарын так сактоого чакырат.

Эскерте кетсек, Россия Федерациясынын 2021-жылдын 11-июлундагы № 95-ФЗ «Саясий партиялар жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктуна ылайык, «Россия Федерациясынын аймагында чет мамлекеттердин саясий партияларын жана бул партиялардын түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүүгө жана ишмердүүлүгүнө жол берилбейт».

Пикир

Оставить комментарий