• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

РФнын Омск облусу кыргызстандык ишкерлер менен кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө

Экономика 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) президенти Темир Сариев Омск облусунун экономика министри жана ошол эле кезде Соода-өнөр жай палаталар союзунун президенти кызматын аркалаган Константин Чуловский жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз кылышты.

Темир Сариевдин айтымында, учурда Россиянын рыногу кыргызстандык ишкерлер үчүн мурдагыга караганда көбүрөөк бошогон. Ата мекендик өндүрүшчүлөр азыртадан эле РФнын аймагына өз продукцияларын жеткирип жатышат. Ошол эле учурда Соода-өнөр жай палатасы бардык олуттуу долбоорлорду колдоп, бизнесмендерге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана жаңы өнөктөштөрдү табууда жардам берип келет.

Тараптардын жолугушуусунда Кыргызстан менен Омск ортосундагы товар жүгүртүү өскөндүгү айтылды. Акыркы убакта бул сумма 15 миллион долларга жакынды түздү.

Омск облусунун экономика министринин орун басары Константин Чуловский белгилегендей, мындан ары дагы активдештирүү жана байланыштарды түзүү максатында Омск облусунун губернатору апрель айында Кыргызстанга келет.

Пикир

Оставить комментарий