• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын 30 жараны РФнын Экономикалык жогорку мектебине бюджеттик негизде окуй алат

Билим 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын 30 жараны Россиянын улуттук изилдөө университетинин Экономикалык жогорку мектебинде бюджеттик негизде окуй алышат. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинети менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде 2023-жылы Бизнес жана экономика багыты боюнча Эл аралык бакалавриат программасына кабыл алуу жарыяланды (https://perm.hse.ru/ba/interbac/ ).

Белгиленгендей, бакалавриатта окуу мөөнөтү төрт жыл. Биринчи курс – Жогорку экономика мектебинин Пермь кампусунда, экинчи жана андан кийинки жылдары – Бишкек шаарындагы КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында окутулат.

"Бүтүрүүчүлөр РФ Улуттук изилдөө университетинин Экономикалык жогорку мектебинин мамлекеттик дипломуна ээ болушат. Катышуу үчүн 2023-жылдын март айында Бишкек шаарында өтө турган орус тили жана математика боюнча кириш экзамендерин тапшыруу зарыл. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 30 абитуриент Пермь шаарындагы Жогорку экономиканын мектебине кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, студенттерге стипендия төлөнөт жана окуу мезгилинде ыңгайлуу жатаканадан орундар берилет.

Белгилей кетсек, Улуттук изилдөө университетинин Экономикалык жогорку мектебинин дипломуна ээ болгон адистер Кыргызстанда да, Россияда да суроо-талапка ээ болот.

Ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылы 2-февралда саат 17:00дө КР Финансы министрлигинин жыйындар залында Ачык эшик күнү өткөрүлөт.

Дареги: Эркиндик булвары, 58, 3-кабат.

Ошондой эле 02-03 февраль күнү "Бизнес жана экономика боюнча эл аралык бакалавриат" программасына кабыл алуу үчүн пилоттук тест болот.

Дареги Эркиндик булвары, 58А, 6-кабат, 610-кабинет, КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында.

Кыргызстандын аймактарында жашагандар үчүн онлайн байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Катталууну үчүн шилтеме https://forms.gle/8pEF32YMaLTzw5W1A

Каттоо үчүн шилтеме https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdeSIm_bNC-L6xrynAazMVAvVfl1rULNItG-FuQmPm_67aKZg/viewform

Сыноо тестине катталуу үчүн шилтеме https://forms.gle/ZZZLm8S1VFmD4CJi9

Байланыш номери: 0559 503 163 - Рубцова Виолетта

Пикир

Оставить комментарий