• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үргөндү билбеген, кабагы бүркөө ит – басенжи

Дүр дүйнө 0

Баарыбыз эле үрбөгөн, каппаган ит көрбөсөк керек. Демейде иттер момун болбосо эле короону, ээсин кайтарып кабанак болот. Бирок, иттердин арасында такыр үрбөгөндөрү да бар.

Басенжи - үрбөгөн иттердин бири. Алар иттердин байыркы тукумуна кирип, болжолу 5 миң жыл мурун борбордук Африкада пайда болгон. Басенжи үрүп, каппаганы менен ырылдайт, толкунданганда уулуган, кыңшылаган үн чыгарат. Анын дагы бир өзгөчөлүгү чекесиндеги кабактары бырыш тартып, кулактары тик, куйругу кайрылып турат.

Бул тукумдагы иттер тазалыкты жактырат. Маселен, алар мышыктар сыяктуу буттары менен тазаланып турушат. Мышыктар сымал сууга түшүүнү көп жактыра беришпейт.

Басенжинин эмнеге үрбөй калганынын себеби алар жашаган эл ичинде жаралган уламыштарда айтылат. Илгери алар адамча сүйлөй алган кезде басенжи иттеринин башчысы бир уруу элдин сырын угуп калат. Сырды эч ким билбеш керектигин түшүнгөн макулук бул тууралуу эч кимге ооз ачпасын айтып, убада берет. Ошондон тарта сыр жашырган бул иттер сүйлөбөй да, үрбөй да калган экен.

Дагы бир аңызда басенжи иттери бир элдин купуясын билип калат. Аны билип калган адамдар бакшыгы кайрылып ал иттерди унчукпас кылып дубалап салышат. Ошентип басенжи тукуму адамча сүйлөй албай же итче үрө албай калыптыр.

Айрым маалыматтар боюнча, бул иттер Байыркы Египетте да кадырланып, аларды фараондорго сыйга тартууланып келген. Алар аны ардактап, тумар катары санашкан.

Африкадагы айрым мамлекеттерде азыркы күнгө чейин басенжи аңчылыкта колдонулуп, аңчылык жөндөмү үчүн өтө бааланып келет.

Басенжи төлдөгөндө 3-5 күчүктөн тууйт.

Басенжи иттери карала, кызылала, үч ыраңдуу, кара тактуу жээрде өңүндө болушат. Бирок, кандай гана түстө болбосун аяктары, көкүрөгү жана куйругунун учу ак болот.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий