• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨРге убактылуу пайдаланууга 4 пансионаттын берилиши – бул өлкөлөр ортосунда мамилелердин жылышынын жыйынтыгы - Арзыматова

Коом 0

Бишкек, 13.12.17. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Өзбекстанга убактылуу пайдаланууга 4 пансионаттын берилиши –бул абдан жакшы чечим. Бул ӨР бийлиги алмашкандан кийин алакалардын жылышынын алкагында мүмкүн болду. Өкмөттүн Өзбекстанга убактылуу пайдаланууга Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты берүү тууралуу буйрукка кол коюшун саясат таануучу Айнура Арзыматова ушундайча түшүндүрдү.

Арзыматова Кыргызстандын пансионаттарды убактылуу пайдаланууга берүү шарттары өлкөлөр ортосунда тең мамилелердин принциптерине жооп берет.

“Кыргызстан мындай шарттарды тең сунуштоодо”,- деген Арзыматова, бул чечим Өзбекстандан туристтик агымды өстүрүүгө оң таасир бере турганын белгиледи.

“Өзбекстандын 30 млн калкы бар. Бул абдан чоң туристтик потенциал. Буга чейин Өзбекстандан туристтер аз болгон. Негизинен Казакстандан туристтер келишкен. Бул чечим менен Өзбекстандан келген туристтер көбөйөт деп ойлойм”,- деди саясат таануучу.

Мындан тышкары, саясат таануучу бул чечимдин инвестициялык жагымдуулугун баса белгилеп өттү.

“Алар бул пансионаттардын деңгээлин көтөрүүлөрү, курорттук аймакты жакшыртуулары жана жергиликтүү калкты тартуусу, иш менен камсыздоосу керектиги Кыргызстан үчүн бардык тарабынан пайдалуу”,-деп билдирди Арзыматова.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионат жайгашкан жер тилкелерин Өзбекстанга убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу чечим кабыл алды.

- пансионат «Бостери» (Бостери айылы, мурда «Золотые пески»);
- пансионат «Алтын-Жай» (Кара-Ой айылы, мурда «Рохат-НБУ»);
- пансионат «Энесай» (Кара-Ой айылы, мурда «Дилором»);
- пансионат «Бустон» (Тон районунун Күн-Чыгыш айыл аймагы).

Тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Мында көрсөтүлгөн объекттерге бекитилген жер тилкелери КРнын менчигинде калат жана убактылуу пайдаланууга берилет. Муну менен бирге өзбек тарап белгилүү бир убакытта белгиленген объекттерди КРда колдонулган стандарттарга ылайык, мүмкүн болсо жыл бою иштей турган 3 же 4 жылдыздуу отелдердин деңгээлине жеткирүүгө инвестиция салуу милдетин өзүнө алат.

Макулдашуулардын алкагында өзбек тарап Эл аралык арбитраджык соттогу доо арызын чакыртып алат. Ошентип, бардык талаштуу маселелер тынчтык жолу менен жөнгө салынат.

Пикир

Оставить комментарий