• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Рианна Барбадостун элчиси болуп дайындалды

Дүйнө 0

Бишкек, 22.09.18 /Кабар/. Рианна аты менен белгилүү болгон Робин Фенти Барбадостун атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Анын жоопкерчилигине билим берүү, туризм жана инвестиция тармагындагы маселелер кирет. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүнүн маалыматтык сайтында кабарланды.

“Рианна өзүнүн өлкөсүн аябай жакшы көрөт,бул анын ден соолук жана билим берүү тармагында жасаган кайрымдуулук иштеринен көрүнүп турат. Ал өз өлкөсүнө үйүндөй эле баа берери патриоттуулугунан байкалат”, - деп белгилеген Барбадостун премьер-министри Миа Амор Моттли.

Саясатчынын айтымында, ырчы арал мамлекетин чет өлкөгө таанытууга салмактуу салымын кошкон. Моттли белгилегендей, Ырчы өзүнүн музыкалык таланттарынан тышкары, ишкердиктеги көрөгөчтүгүн көрсөткөн. Анын жаңы кызматка дайындалышы Барбадоско керек болгон өзгөрүүлөрдө чоң роль ойноосуна түрткү болот.

“Мен премьер-министр Моттли жана анын командасы менен Барбадосту өнүктүрүүнүн үстүндө иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатам”, - деп билдирген ырчы. Ырчы жаңы кызматтык даярдоо менен сыймыктанып жатканын билдирген.

2008-жылы Рианна Барбадостун маданий элчиси болуп дайындалган. Анда ага өлкөдөгү туризмди популяризациялоо милдети жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий