• 84.8
  • 101.98
  • 1.11

Ригада Кырызстан менен Латвиянын кызматташуусунун келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. КРнын Латвиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 16нан 19-ноябрга чейин Рига шаарына Латвия Республикасынын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга катышуу жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн барган.

Иш сапарынын алкагында Өмүралиев Латвиянын тышкы иштер министринин орун басары Янис Мазейкс, Латвия ТИМнин эки тараптуу кызматташуу Департаментинин директору Дайнис Гаранчс, Латвиянын башкы прокурору Эрик Калнмейерстер менен жолугушту. Ошондой эле аталган иш-чаралардын алкагында премьер-министрдин орун басары Арвилс Ашареденс, тышкы иштер министри Эдгард Ринкевичс жана башкалар менен жолуккан.

Жолугушуунун алкагында тараптар кызматташуунун бардык тарабын талкуулашкан. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Латвия өлкөсүнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташуунун келечеги тууралуу сөз болгон.

Тараптар КР менен Латвия ортосундагы эки тараптуу кызматташууну активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле Евробиримдик-Борбордук Азия форматындагы кызматташууну бекемдөөнү макулдашышкан.

Андан тышкары эки өлкө ортосундагы эки тараптуу расмий иш сапарларды уюштуруу аркылуу саясий кызматташууну бекемдөө маселеси да көтөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий