• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

РКӨФ 2018-жылы аймактык долбоорлорду өнүктүрүүгө зор басым жасайт - Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. 2018-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аймактык долбоорлорду өнүктүрүүгө зор басым жасайт. Бул тууралуу журналисттерге РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев Фонддун Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдирди.

Ал Фонд тарабынан аймактарда каржылоонун жеткиликтүүлүк шарттарын жакшырткан план иштелип чыкканын билдирди.

“Ошондой эле план консалтинг жана аймактык ишкерлерди окутууну камтыйт. Мындан тышкары биз долбоорлордун так тизмесин түзүү жана аларды аягына чыгаруу үчүн мезгил-мезгили менен ишкерлер менен жолугушуп турабыз”,- деди ал.

Асрандиев бул иштер 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланганына дагы байланыштуу экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча РКӨФ каржылоосунун 70% Бишкек жана Чүй облустарына кеткен. Аймактарга болсо 30%.

Пикир

Оставить комментарий