• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

РКӨФ 2018-жылы жалпы суммасы 28 миллион АКШ долларлык 1530 долбоорду бекитти

Президент 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 2018-жылы жалпы суммасы 28 миллион АКШ долларлык 1530 долбоорду бекитти. Анын ичинен 55 пайыздан ашууну өндүрүш жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге берилген, — деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев бүгүн, 13-сентябрда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Анын айтымында 2018-жылдын 8 айында өлкөнүн региондорунда чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө 549 ишкана каржыланган. Анын 349 ишканасы — агрардык сектордо.

Региондордо 2018-жылдын 8 айында айыл чарбасы, айыл чарба продукцияларын жана мал продукциясын кайра иштетүү, интенсивдүү багбанчылык сыяктуу негизги багыттарда каржылоо көлөмү 12 пайызга өскөн.

«Региондорду өнүктүрүү максатында „Региондор — өсүүнүн өзөгү“ аттуу конкурс жарыяланган. Негизги басым айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жасалууда. Ошону менен бирге ишкерлерди кызыктыруучу механизмдер каралган. Мисалы, эгерде долбоор жакшы ишке ашырылып, ишкер кредитти өз маалында төлөсө, ар бир жылдын соңунда биз төлөнгөн пайыздарынын теңине чейин ишкерге кайра кайтарып беребиз», — деди Эркин Асрандиев.

Фонд 3 тармак — кылчык жүндүү кой-чарбачылыгы, интенсивдүү багбанчылык жана балык чарбачылыгын өнүктүрүү программасы боюнча иштеп жаткандыгын кошумчалады.

2018-жылы Кепилдик фонду менен биргелешип, региондордо күрөө маселелерин чечүүгө 100 млн. сом бөлүнгөн.

Жакын арада дагы 100 млн сом бөлүү каралууда.

Бардык аймактарда жергиликтүү ишкерлерге консультация берүү үчүн атайын борборлор ачылган.

Пикир

Оставить комментарий