• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

РКӨФ 2019-жылы дээрлик 78 миллион долларга долбоор бекитти

Экономика 0

Бишкек, 28.01.20./Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2019-жылы жалпы суммасы 77,5 млн долларга долбоор бекитти. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсеге көп. Бул тууралуу бүгүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, фонд иштеп баштагандан тарта бардыгы болуп 379 млн долларга 2 миң 351 долбоор бекитилген.

«Ири долбоорлорду өзүбүз каржылайбыз, ал эми орто жана чакан бизнести өнөктөш-банктар аркылуу каржылап турабыз. Биз менен 15 банк жана 4 микрофинансылык уюм, кепилдик фонду иштешет. Биз 202 млн долларлык 57 долбоорду түздөн-түз каржылайбыз. Ал эми биздин өнөктөштөр аркылуу 2 миң 300 чакан жана орто субъектти каржылоодобуз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий