• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

РКӨФ 2020-жылы ишкерликти каржылоонун көлөмүн $105 млн чейин жеткирүүнү пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) 2020-жылы ишкерликти каржылоонун көлөмүн 105 млн АКШ долларына чейин жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Ал анын ичинен 15 млн АКШ доллары «РСК Банк» ААКна орто ишкерликти каржылоо үчүн узак мөөнөттүү насыя катары берилерин белгиледи. Өз тарабынан РКӨБ башка банктар менен биргеликте 90 млн АКШ долларга долбоорлорду каржылайт.

Эркин Асрандиев ошондой эле 2019-жылы жакшы натыйжаларга жетишүү болгонун баса белгиледи.

«Жалпысынан бизнес-чөйрөдө активдүүлүк тенденциясы байкалууда. Түзүлгөндөн бери Фонддун колдоосусунун жалпы көлөмү 379 млн АКШ долларына жетти. Алардын ичинен каражаттын үчтөн эки бөлүгү артыкчылыктуу багыттарга — агроөнөржай комплексине, өндүрүш тармагына жана туризмге багытталууда», — деп айтты РКӨФ башкармалыгынын төрагасы.

Ал 2019-жылы Баткен, Талас жана Нарын облустарында үстүбүздөгү жылы бүтүрүлө турчу стартап-каржылоо боюнча атайын долбоорлор ишке киришкенин кошумчалады.

Мындан тышкары, Фонддун 2020-жылга карата өзгөчө максаты кластердик программаларды каржылоо болуп саналарын белгиледи.

«Кластер — өз ичине айыл чарба продукциясын өстүрүүдөн баштап, дүкөнгө жеткенге чейинки этапты камтыган өзүнчө сектор. Мында бир жагынан мындай продукцияны өстүрүүгө фермерлерди каржылап, экинчи жагынан айыл чарба продукциясын кайра иштетип, бириктирүү менен алектенген агрегаторлорду каржылоо жөнүндө сөз болууда», — деп баса белгиледи Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев.

Пикир

Оставить комментарий