• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

РКӨФ Баткен облусундагы кирпич заводун модернизациялоо жана кеңейтүүнү каржылайт

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү боюнча кезектеги долбоорду жактырды. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Эдуард Новиков социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, РКӨФ өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашыруунун алкагында учурдагы күн тартибин ишке ашырууда, атап айтканда, аймактарды өнүктүрүүдө жана санариптештирүүдө мамлекетке колдоо көрсөтүүгө умтулат.

Ошентип, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин кезектеги жыйынында Баткен облусундагы кирпич заводун модернизациялоо жана кеңейтүүнү каржылоо чечими кабыл алынды. Бул жалпы өндүрүмдүүлүктү жылына 8 миллион даана кирпичке жогорулатууга жана облуста жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

РКФР ошондой эле санариптик магистралдык тармакты модернизациялоодо улуттук байланыш оператору «Кыргызтелеком» ААКга колдоо көрсөттү. Бул анын туруктуулугун камсыз кылууга жана аймактарда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий