• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

РКӨФ дээрлик 4 миллион долларга “Бишкек” ЭЭАдагы 10 долбоорду каржылады

Экономика 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду дээрлик 4 миллион долларга “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы 10 долбоорду каржылады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине фонддон билдиришти.

Каржылоо өнөктөш банктар аркылуу жүргүзүлөрү белгиленген.

Каражаттар курулуш материалдарын өндүрүү үчүн шаймандарды алууга, башка даяр буюмдарды, кийимдерди, чай жана башкаларды өндүрүүгө жиберилген.

Жалпысынан фонд 279 миллион долларга 1 миң 451 долбоорду каржылады.

77 пайыздан ашуун каржыланган долбоорлорду фонд аймактарга жиберди.

Пикир

Оставить комментарий