• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

РКӨФ долбоорлорду колдогон экинчи антикризистик планды бекитти

Экономика 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) долбоорлорду колдогон антикризистик пландын экинчи пакетин түзүп чыкты.

"Кыргыз Республикасынын экономикалык абалына байланыштуу, айрым мамлекеттик чек аралар жабылды, жарандардын кыймыл аракетине чектөө киргизилди жана валюта рыногундагы абалдын өзгөрүлгөнүнө байланыштуу Фонддун башкармалыгы каржылоону Фонддун линиясы аркылуу банктардан жана МФУ — өнөктөштөрдөн алган кичи-орточо бизнестин субъектилерине антикризистик пландын экинчи пакетин түзүп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Антикризистик ыкчам пакет төмөнкүлөрдү камтыйт;

  • ​Башкы карызды жана кредитти 3 айга узартылган мөөнөттө төлөп берүүгө болот.
  • ​АКШ доллары менен каржыланган пайыздарга мораторий үч айга каралган.
  • Коммерциялык банкта кепилдик менен камсыздандырылгандарга шарттар жумшартылды.

Кредит төлөөдөгү бул ырааттама базар шартындагы олуттуу өзгөрүүлөргө байланыштуу болгондуктан, реструктуризация деп саналбайт.

Сурап билүү телефон: (0770) 900 909.

Фонддун линиясы аркылуу каржыланган кичи-орто бизнестин субъектилери колдоо алуу үчүн банк же каржылоону колдогон МФУ өнөктөшкө кайрылуусу заарыл.

Пикир

Оставить комментарий