• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

РКӨФ жаңы бизнес баштоочулар үчүн каржы берүүнү пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду(РКӨФ) 2019-жылы стартап долбоорлорду баштоочуларга каржы берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине фонддун төрагасы Эркин Асрандиев кабарлады.

Ал белгилегендей, бул долбоор учурда иштелип чыгууда.

“Декабрь айында биз Фонддун Кеңешинде бул долбоор жактырылган. Бул багытта кичи бизнести каржылоодо механизмдерди иштеп чыгууга убакыт керек. Биз банктардын, инвестициялык компаниялардын же микрокредиттик банктардын сөзсүз түрдө катышуусун пландаштыруудабыз. Бул механизмдерди иштеп чыгууга 2-3 ай сарпталышы мүмкүн”, - дейт Асрандиев.

Фонддун башчысы билдиргендей, бул долбоор бизнес-планды иштеп чыгып, бирок ишти жаңы баштап жаткан ишкерлердин категориясын камтыйт.

“Мисалы, кредиттик уюмдар финансылык булактарды, каржы тарыхын, кепилдик жана башка талаптары бар. Жаңы баштап жаткан ишкерлер бул талаптарды аткара алышпайт. Бизге алар келе алышпайт, анткени биздин иштин машстабдары башкача, ошол себептен алар кимге кайрылууну билишпейт. Ал эми бизде бул долбоор пилоттук режимде койо берилет. Аталган долбоор боюнча сумма чектелген – 1 млн. доллар”, - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 1-декабрына Фонд 1 миң 650 долбоорду 303,9 млн. долларга жактырган.

Пикир

Оставить комментарий