• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

РКӨФнын каражаты дагы 2-3 жылга жетет – Эркин Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) каражаты 2019-жылды түгөнүп калбайт. Бул тууралуу брифингде фонд башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтуусунда, 304 млн. доллар - бул долбоорлорду жактырууга багытталган каражаттар.

"Алар транш менен берилип, факты түрүндө 260 млн. доллар берилген. 2017-жылдан тарта насыяларды кайтаруу башталып, түшүүлөр өсүүдө. Себеби, каникулдар жана жеңилдетилген убакыт аяктоодо. Алар жакынкы 2-3 жылга жетет. Бирок, биз да жөн отурган жокбуз. Евразия өнүктүрүү банкы менен 50 млн. долларга жана Росэксимбанк менен 1 млрд. рублга келишимге кол койдук", - деди Асрандиев.

Ал билдиргендей, мурда айтылган экинчи 500 млн. долларды алуу боюнча маселе күн тартибинде турат. Учурда бул каражат кайсы долбоорлорду каржылоого сарптала тургандыгы талкууланууда.

РКӨФ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Олег Кудяков кошумчалагандай, эгерде тиешелүү долбоор пайда болсо, анда дагы 500 млн. доллар бөлүнүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий