• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Робин Орд-Смит КРнын Бизнес-акыйкатчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек,15.08.19./Кабар/. Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министриМухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгиленгендей, буйрукка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 647 токтому менен бекитилген Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий