• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Роман Петров Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын фехтование боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Роман Петров Киев шаарында (Украина) эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, жыйын 25-июнда старт алып, 12-июлга чейин уланат.

Белгилей кетсек, спортчу башкы машыктыруучусу Александр Черныхтын жетекчилиги алдында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий